Turmush — Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы жыл жыйынтыгын чыгарды. Анда район аймагында бир катар иштер жасалып, ири долбоорлор ишке ашып баштаган. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты.
Маалыматка караганда, Жумгал районунда 2024-жылдын ичинде 4,1 млрд сомдон ашык өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 163,9%ды түздү. Инвестиция тартуу боюнча долбоорлорду жана жергиликтүү жамааттардын демилгелерин ишке ашырууга жалпысынан 1 млрд 20 млн 812 миң сомдук жумуштар жасалган.
Мунун ичинен:
- Республикалык бюджеттен 78 млн сом;
- Капиталдык салымдар беренесинен 161 млн сом;
- Жергиликтүү бюджеттен 66 млн сом;
- Эл аралык уюмдардан 520 млн сом;
- Ишкерлер, демөөрчүлөр тарабынан 119 млн сом;
- Жумгал районунун өнүктүрүү фондусунан 38 млн сом;
Район боюнча мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 2024-жылдын 12 айына карата план 482 миң 155 сом болсо факт аткарылганы 532 миң 021 сомду түзүп 110,3 % же 49 миң 866 сомго көп аткарылды. Мунун ичинен республикалык бюджет план 325 миң 965 сом факт 367 миң 764 сом же 112%. Ал эми жергиликтүү бюджет план тапшырма 156 миң 189 сом болсо аткарылганы факт 164 миң 256 сом же 105,2% же 8067,2 миң сомго көп.</p
Көмүр өндүрүү
Район боюнча 2024-жылдын январь-декабрь айларынын жыйынтыгы менен 2 млн 208 миң 185 тонна көмүр өндүрүлүп, бул көрсөткүч 2023-жылдын январь-декабрь айларына салыштырмалуу 1 млн тоннага көп казылган.
Райондо 12 көмүр өндүрүүчү өнөр жай ишканалары көмүр өндүрүү иштерин жүргүзүп келди. Алар, «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасына караштуу «Кара-Кече» филиалы, «Строй-Стоун» ЖЧКсы (Шанси Коал Инвестмент групп Кытай компаниясы менен биргеликте) «Шарбон», «Панд-Шер», «Амин-Групп», «Минерал Прайм», «Ю Энд Мико», «Нарын-Кен ЛТД», «Разрез Миң-Куш», «Узун-Булак», «Центр Азия Көмүр», «Мониса» ЖЧКлары.
Ал эми, «Берекет-Кен», «Ак-Жол Көмүр» көмүр өндүрүүчү ишканалары техникаларын оңдоо жана тазалоо иштерин жүргүзүп келүүдө.
Учурда, «Центр Азия Уголь» ЖАК үстүңкү Ак-Улак айылынын тургундарын компенсация төлөп берүү менен көчүрүү боюнча жергиликтүү тургундар менен 2 тараптуу келишимдерди түзүп, базасын жана техникаларын жайгаштырып, учурда көмүр тазалоо жана жүктөө иштерин жүргүзүү менен айыл тургундарына түзүлгөн келишимге ылайык, компенесация төлөө иштерин жүргүзүүдө.
Район боюнча, 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине жалпы 27 миң 547 тонна көмүр отуну керектелет. Мунун ичинен бюджеттик мекемелерге 6178 тонна көмүр отуну керектелинет жана бюджеттик мекемелер толук көмүр отуну менен камсыз болду.
Жумгал, Куйручук-Кызарт, Түгөл-Сай, Байзак, Чаек айыл аймактарын жана Миң-Куш айыл аймагынын Кабак айылын калкты арзан көмүр отуну менен камсыз кылуу максатында «Кара-Кече» филиалы менен келишим түзүлүп, райондун аймагына 21 көмүр кампа уюштурулуп, көмүр кампаларында көмүр отуну алыстыгына жараша 2900-3500 сомго чейин сатылууда. Ал эми Миң-Куш айыл өкмөтү Ак-улак участкасында жайгашкан «Строй-Стоун» ЖЧКсы менен келишим түзүп Миң-Куш айылында уюшулган көмүр кампасына 1 тонна көмүрдүн баасы 2400 сомдон сатылууда.
Жумуш орундар
Миң-Куш айыл аймагындагы Ак-Улак участкасында иш алып барып жаткан «Шанси Коал Инвесмент групп» кытай компаниясы тарабынан көмүр өндүрүү иш аракеттери жүргүзүлүп, 2024-жылдын 2-кварталына карата 3 млн 585 миң долларлык түз инвестиция тартылды. Бул ишкана ишке берилсе 150 жумушчу орун түзүлөөрү күтүлүүдө.
Ошондой эле, 2024-жыл ичинде Байзак айылында 1 пластик эшик терезелерди жасоочу жана кийим тигүүчү цехтер ачылып, 3 жумушчу орун, Кызыл-Жылдыз айылында 1 нан азыктарын чыгаруучу цех ачылып, 3 жумушчу орун, Кызарт айылында 1 нан азыктарын чыгаруучу цех ачылып, 2 жумушчу орун, Жумгал айылында 1 тордолгон кийимдерди тигүүчү цех ачылып, 1 жумушчу орун, Куйручук айылына 1 кийим тигүүчү цех ачылып 1 жумушчу орун, Миң-Куш айыл аймагына караштуу Талды-Булак участогуна «Нарын КЕН ЛТД» көмүр ишканасы ачылып, 15 жумушчу орун, Кең-Суу айылына нан азыктарын чыгаруучу цех ачылып, 1 жумушчу орун, Чаек айылына нан чыгаруучу цех ачылып, 2 жумушчу орун, Миң-Куш айылындагы СМИ участкасындагы ЖЧК «Мониса» көмүр казуучу ишкана ачылып, 12 жумушчу орун, жалпысынан алганда жыл ичинде 47 жумушчу орун түзүлгөн.
Курулуш жана билим берүү
Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун «Айылды инвестициялоо» долбоорунун алкагында Куйручук-Кызарт айыл аймагына караштуу Кызарт айылына ҮДТнын имараты 7 млн сомго жана республикалык бюджеттен Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн имараты 71 млн сомго курулуп пайдаланууга берилди. Курулуш Курулуш-монтаждоо башкармалыгы тарабынан жүргүзүлдү.
Кыргыз республикасынын Капиталдык салымдар беренесинен:
- Миң-Куш айыл аймагынын Кабак айылындагы Исакбек Орозалиев атындагы орто мектеби 81 млн сомго салынып ишке берилди.
- Түгөл-Сай айылына 36 млн сомго «Качыке баатыр» атындагы спорт залдын курулушу аяктап, учурда жаш спортчулар машыгууда.
- Чаек айылында Чынара Дүйшеева атындагы балдардын искусство мектебинин 2 кабаттуу имараты 45 млн сомго курулуп бүттү.
- Таш-Дөбө айылындагы Таш-Дөбө орто мектеби 2025-жылдын башы менен пайдаланууга берилүүсү күтүлүп жатат.
- Миң-Куш жалпы дарыгерлер практикалык борборунун имараты 32 млн сомго капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп пайдаланууга берилди.
- Учурда райондун аймагында Лама орто мектебинин жана Жумгал айылындагы 75 орундуу бала бакчанын, Байзак айылындагы 125 орундуу бала бакчанын курулуш иштери кызуу жүрүүдө.
Ал эми жеке ишкер тарабынан Чаек айылына гемодиализ борборун ачуу иш аракеттери көрүлүп, имарат капиталдык ремонттон өткөрүлүп, тиешелүү жабдыктары алынып келинүүдө. 2025-жылдын жаз айлары менен пайдаланууга берилет. Долбоордун болжолдуу наркы 60 млн сомду түздү.
Оңдоп-түзөө иштери
Чаек айылындагы Арманбек Өмүралиев атындагы №24 кесиптик лицейи оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Мындан тышкары, Түгөл-Сай айылындагы С.Медетов, Куйручук айылындагы А.Сулайманов орто мектептери оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатат.
Миң-Куш айыл аймагындагы №1 Ак-Тилек, №3 Байчечекей, №4 Наристе балдар бакчаларынын санитардык түйүндөрү 4,1 млн сомго оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп, Миң-Куш айыл аймагына 515 миң сомго 1 даана боз үй алынып берилди. Ошондой эле, Жумгал айылындагы М.Өмүрканова атындагы орто мектебинин санитардык түйүндөрүн алмаштыруу жана оңдоп түзөөсү 3,1 млн сомго жасалды.
Ирригация тармагы
Жумгал району боюнча 18453 га суу баскан аянт бар, анын 13047 га жер аянтын айыл өкмөттөрү тейлейт. Ал эми калган 5406 га, райондук суу чарба башкармасы сугат суу менен камсыз кылат. Ошондой эле, райондо 758,7 чакырым канал бар, мунун ичинен Жумгал районунун суу чарба башкармасына 172,7 чакырымы тиешелүү.
Жумгал райондук суу чарба башкармалыгы быйылкы 2024-жылкы вегетацияга даярдык кѳрүүдѳ 2024-жылга 21472,9 миң.сом акча каражаты каралган. Бул каражаттар каналдарды оңдоого, механикалык тазалоого, насостук станцияларды жана автотранспорт, механизмдерди оңдоого жумшалды.
Каналдарды оңдоо 3,4 чакырым, каналды бетондоо 1,2 чакырым, ГТС 9 даана, ГП 5 даана жана механикалык тазалоо 12,9 чакырым аткарылган. 11048,4 миң сомго курулуш материалдары цемент, арматура, уголок, темир лист, Г-блоктор (Г-150,Г-120, Лр-100,80,60, П-4) сатылып алынган. Насостук станцияларга электро кыймылдаткычтарды оңдоо 2 даана, насостук агрегаттарды алуу 2 даана жана керектуу майда запастык тетиктерди алуу 9904,5 миң.сом жумшалган.
2024-жылга каналдарды оңдоого жана механикалык тазалоодон ѳткѳрүү үчүн автотранспорт жана механизмдерди ремонттоого 1700,0 мин.сомго запастык тетиктер алынган.
Бүгүнкү күндѳ, Күчүк, Кармыш, Көл-Арык, Орто-Терек каналдары, Кайырма, Кара-Кече ѳзѳнүндѳгү 1-май, Чон-1 каналдары оңдоодон өттү.
Чолок-Терек БСРри Жумгал ѳнүктүрүү фонду аркылуу механикалык тазалоодон өттү. Чаек-1-2 жана Кара-Кече насостук станцияларында электр жабдуулары жаныланды. Кара-Кече насостук станциясына 2598,0 миң сомго жаны агрегат алынып, 324,3мин сомго пуско-наладкалык жумуштар аткарылды. Таш-Дөбө каналына монолит бетондоо жумуштары башталып 1 чакырым канал бетондолду. Таш-Дөбө каналына Жумгал өнүктүрүү фонду жана республикалык бюджетен акча каражаты каралган.
Ири долбоорлор
2017-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын ирригациясын өнүктүрүү программасынын алкагында Жумгал районунун аймагында «Түгөл-Суу» декадалык жөнгө салуучу бассейнин (БДР) курулуп жатат. Бассейиндин (БДР) сыйымдуулугу 3,5 млн м3 түзөт. Долбоорду ишке ашыруу боюнча 3 лот менен тендер өткөрүлүп, учурда 1 лот менен өткөрүлгөн тендерди бассейндин (БДР) ордун куруу ишин «Профит экспресс» жана «Техноцентр» ЖЧКлары утуп алып ишти жасап бүтүп калышты. Долбоордун алкагында каналдын алдында 4708 га сугат аянтын жана 3208 га суу жетпеген жерге сугат суусун берүү жакшыртылып дагы 1600 га жаңы жер өздөштүрүлөт. БДР 2025-жылдын аягы менен ишке берилет. Бүгүнкү күндө 4 млн 300 миң долларлык жумуштар аткарылды.
Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу тарабынан айыл чарбасын жакшыртуу долбоору менен төмөнкүдөй иштер аткарылды.
- Куйручук-Кызарт айыл аймагына 1 даана айыл чарба техникасы 3,5 млн сомго;
- Байзак айыл аймагына 3 даана айыл чарба техникасы жана 1 даана дан эгиндерин тазалоочу техникасы (БИМ) 10 млн сомго;
- Чаек айыл аймагынын Көк-Ой айылына 1 даана айыл чарба техниксы 3,5 млн сомго;
- Жумгал айыл аймагына 1 даана айыл чарба техникасы 2,1 млн сомго алынып келинди.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы №591 тескемесинин негизинде, ар бир айыл өкмөттүн алдында муниципалдык ишкана ачылып, анын техникалык базасын чыңдоо максатында 10 млн сомдон бөлүнүп, бөлүнгөн акча каражатына:
- Жумгал, Куйручук-Кызарт, Түгөл-Сай айыл өкмөтүнө 1 даанадан атайын жүктөгүч (погрузчик) жана 1 даанадан оор жүк ташуучу «Хово» автоунаасы (3 жүк ташуучу, 3 погрузчик);
- Байзак айыл өкмөтүнө 1 даана «Hyundai R140W» үлгүсүндөгү экскаватор, 1 даана цемент-бетон аралаштыруучу автоунаасы алынды;
- Миң-Куш айыл өкмөтүнө 1 даана «Лонкинг-6396» казтаман эксковатор сатылып алынып, учурда кызмат көрсөтүү иштерин жана чарбалык иштерди жасоодо.
Ал эми Чаек айылына бөлүнгөн акча каражатына базар куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча базар жайгашуучу жер аянтын трансформациялоого уруксат берүүчү иш кагаздары бүткөрүлүп, долбоордук сметалык иш кагаздары даярдалууда.
Жол тейлөө тармагы
№24 жол тейлөө ишканасынын балансында 512,3 чакырым жол бар. Мунун ичинен: 167,3 чакырым жол эл аралык маанидеги, 24 чакырым мамлекеттик маанидеги, ал эми 321 чакырым ички жолдор болуп эсептелинет. №24 Жол тейлөө ишканасында 25 адам эмгектенип келет.
2024-жылдын титулдук планына №24 Жол тейлөө ишканасына жалпы 4930,0 миң сом каралган. Кышкы күтүү жумуштарына 2430,0 миң сом каралган, 3433,1 миң сомдук жумуштар жасалды. Ал эми жайкы күтүү жумуштарына 430,0 миң сом каралып, 173,0 миң сомдук жумуштар жасалды.
Токтогул районунуна караштуу Сары-Камыш айылына баруучу 16 чакырым жолду «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын директору Ж.А.Содомбаевдин 2023-жылдын 25-декабрындагы №02-15/125 сандуу буйругунун негизинде жолдун туурасын кеңейтүү боюнча тапшырмасынын негизинде жолдун кууш бөлүктөрү 5021,15 миң сомго кеңейтүү иштери жасалды. Учурда, эл аралык маанидеги Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун курулушунун 3-фазасынын негизинде 70 чакырым реабилитациялык иштер жүргүзүлүүдө. Эпкин—Баш-Кууганды участкасы, 89-чакырымдан 159-чакырымга чейин, жалпы 70 чакырым. Курулуш иштери 2017-жылы субподрядчик «Тодини» жол куруу компаниясы аркылуу башталып, курулуш иштери өз убагында жүрбөгөндүгүнө байланыштуу, 2021-жылы келишим жокко чыгып, 2021-жылы 1-октябрында «Чайна Рейл Вей» №5 жол куруу компаниясына транспорт министрлигин №2 ордери менен өткөрүлүп берилип, учурда курулуш иштери «Чайна рейл Вей» №5 жол куруу компаниясы тарабынан жүргүзүлүүдө.
Аталган жолдун биринчи, экинчи катмарын асфальттоо жумуштары бүткөрүлүп, жол белгилерин толук бүткөрүү иштери калды. Толук 2025-жылдын ичинде бүткөрүлүп пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө.
Ал эми, Түндүк-Түштүк альтернативалык курулуп жаткан жолдон үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен асфальт төшөлө турган жолдордун тизмеси:
- Кызыл-Туу—Чоң-Дөбө жолуна 4,1 чакырым асфальт;
- Жумгал—Түгөл-Сай жолуна 3,8 чакырам асфальт;
- Кочкор—Арал—Төө-Ашуу жолуна 1,5 чакырым асфальт;
- Чет-Булак—Кызарт жолуна 2,0 чакырам асфальт;
- Жумгал—Лама жолуна 5,0 чакырым асфальт;
- Эпкин жолуна 1,3 чакырым асфальт;
- Кызыл-Туу—Шилбили жолуна 1,5 чакырым асфальт.
- Дыйкан—Кара-Кече автожолунун 3,0 чакырымына асфальт төшөө.
- Жалпы 23,7 чакырым ички жолдорго асфальт төшөлөт.
Мындан тышкары, Капиталдык салымдар беренесинин эсебинен Арал—Миң-Куш жолунун Сары-Булуң—Миң-Куш участкасынын 24 чакырымына асфальт төшөө иштери пландалып, бүгүнкү күндө тендер жарыяланды.
Таза суу тутуму
Жумгалда Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу тарабынан таза суу системасын реабилитациялоо боюнча долбоору ишке ашырылууда.
Ал райондун Чаек, Лама, Беш-Терек, Арал, Кичи Арал, Сары-Булуң, Кызыл-Сөөк, Кең-Суу, Котур-Суу, Табылгы айылдарына таза суу системасы тартылат. Долбоор 2026-жылдар аралыгы ишке берилет. Учурда Чаек, Беш-Терек, Арал, Кичи-Арал, Лама айылдарынын таза суу системасын реабилитациялоо боюнча тендер жарыяланып, жыйынтыгында «Метаг Иншаат Тижарет АС» (Түркия) жеңүүчү деп аныкталып, долбоордун жалпы суммасы 569 млн 57 миң сомду түзүп, 2024-жылдын 21-июнунда келишимге кол коюлган.
Учурда, Ак-Татыр, Лама, Беш-Терек, Кичи-Арал, Чоң-Арал айылдарында таза суу киргизүү боюнча иштерди субподрядчик «Жумгал Суу Курулуш» ААК тарабынан жүргүзүлүп, 2024-жылдын 31-декабрына карата 128 млн 160 миң сомдук жумуштар жасалды. Эми 2025-жылдын март айы менен жазгы жумуштары башталат.
Ал эми, Таалга, Сары-Булуң, Кең-суу, Котур-Суу, Кызыл-Сөөк айылдарына таза суу системасын куруу боюнча тиешелүү иштер алынып, ПСДсы даярдалып, тендерге жарыялоо иш аракеттери көрүлүүдө.
Маданият жана театр
Жумгал райондук маданият бөлүмүнө 4 искусство мектеби, 1 райондук борборлоштурулган китепкана, 1 райондук маданият үйү, 1 райондук тарыхый-этнографиялык музей, 14 айылдык маданият үй, клубдар жана 18 айылдык китепкана карайт. Мындан тышкары 1 кинодирекция жана мкзыкалык драма театры бар.
Т.Турсунбаева атындагы «Соң-Көл» кинотеатры 2024-жылдын жыйынтыгы менен 48 тасма райондун тургундарына тартуулап, 20576 көрүүчү тартылган, андан 2 млн 797 миң 100 сом акча каражаты чогултулган. Салыштырмалуу 18 миң 843 көрүүчүгө, 2 млн 537 миң 100 сомго көп каражат топтолду.
Ал эми Калык Акиев атындагы Жумгал музыкалуу драма театрында 2024-жылдын 12 айында 3362 көрүүчүгө театрлаштырылган майрамдык иш-чаралар тартууланып, 163724 сом акча каражаты чогулган.
Чаек айыл аймагына караштуу Шортон участогуна 350 орундуу К.Акыев атындагы музыкалык драма театрынын жаңы имаратын курууга 5000 чарчы метр жер аянты бөлүнүп берилген. 2023-жылы драм театрды куруу боюнча капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан планга киргизилип, долбоорлоо иш кагаздарын даярдоого тендер жарыяланып, 1 млн 315 миң сомго «Мин-Озон» ЖЧКсы жеңүүчү болуп табылып, 2023-жылдын 22-августунда №12/ПСД келишим түзүлүп, учурда долбоордук сметалык иш кагаздары даярдалууда.
КР Маданият, маалымат спорт жана жаштар министрлиги тарабынан Жумгал райондук маданият үйүнө 1 млн сомдук үн коштоочу жабдыктар алынып келди.
Интернет жана байланыш
Азыркы учурда долбоордун алкагында Кочкор—Чаек аралыгына оптика кабели тартылып ишке берилди.
Спорт тармагы
Бул жылы Казакстан өлкөсүндө Азия чемпионатында самбо боюнча Куйручук-Кызарт айылынын тургуну 15 жаштагы Бактияр Касымбеков коло байгени багындырса, Россия өлкөсүндө өткөн өспүрүмдөр арасында күрөш боюнча эл аралык турнирде 1-орун Ринат Азаматов алып алтын медал жана 2-орунду жаш спортчу кызыбыз Калича Кылычбекова күмүш алган. Мындан тышкары райондо жылда өтүлчү ири спорттук иш чаралар байма-бай өтүп турду.
Билим берүү
Бир топ аракеттердин жыйынтыгы менен былтыркыга салыштырмалуу ЖРТдан 18,6 пайызга өсүш берип, 1 окуучу «Алтын тамга» өзгөчө үлгүдөгү аттестат алгандыгын айтып, алдынкы агартуучуларга жана окуучуларга Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары тарабынан 1 млн сомдук акчалай сыйлыктар берилди. Бул жылы райондо ири семинарлар уюштурулуп, жаштар форумдары өтүп, жапон тили курстары ачылды.