Turmush — Манас шаарынын Ынтымак айылынын 59 жаштагы тургуну Базарали Максүтов 6 жылдан кышы-жайы короосунда бээ саап, кымыз жасайт. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, кыштын ызгаар күнү да кымыз жасоону токтотпойт. Айылдаштары кымызчы катары таанышат. Аны жакшы билгендер кышкысын да издеп келип, бээнин сүтүн ичип турушат. Өзүнүн туруктуу кардарлары бар. Бээ кармап калуусуна маркум жубайынын оорусу себеп болгон.
«2020-жылы байбичем ооруп, кызыл өңгөчтөн рак болуп, аны карап үйдө эле олтуруп калдым. Даба болуп калар деген жакшы ой менен бээнин сүтүн ичирип баштадык. Бээнин сүтү тоодон кеч келип калат же ачып кеткен болот. Анан өзүм бир тууган агамдан кулуну менен бир бээни алып, саап бере баштадым. Ал 1 литр эле сүтүн ичет, калганы ашып калат. Мындан улам кымыз жасоону ойлоно баштадым. Өзүм Ачынын Кара-Көл айылынан болгондуктан, жаштыгыбыздан апам кымыз жасап, көрүп чонойгом. Көрөңгөсүн (уюткусун) кыла албай бир аз кыйналдым. Анан үйрөнүп кеттим.
3 жыл жубайымды карадым. Рак баарыбир жанын алып тынды. Бээ кармаганды токтоткон жокмун. Бирөөнүн көзүн карап маяна албайсың, өзүңдүн тыйының болуп калат экен. Үй жайдын жанында, балдарыңдын маңдайында эле адал эмгек менен тыйын таап жашап келе жатам», - деди ал.
Короосунда негизинен 3 бээ кармайт. Азыркы тапта 2 бээсинен күнүнө 12 литрдей сүт алат. Алар ар 4 саат сайын саалып турат.
«Жазында ар 2 саат сайын, кышында 4 саатта бир саалат. Түнкү саат 2:00до туруп да 1 саап анан жатам. Антпесең бээлердин эмчеги ооруп калат. Түн уйкуңу кечип, бээни бир ирет кароо деле жеңил эмес. Кышкысын кымыздын литрин уйдун сүтү кошулуп жасалганын 200-250 сомдон сатам, бир аз баасы жогору болот. Бээнин сүтү 400-500 сомдон сатам.
Жумушумду көргөндөр эмгегиме ыраазы болуп эле алып кетишет. Азыр 2 бээден күнүнө 12 литрдей сүт чыгат. Ага 3 литрдей уйдун сүтүн кошуп жасайм. Ачык айтыш керек да.
Атайын бир фирманын жемин алам. Бээ 1 күндө 7 килограммга чейин жем жейт. Андан сырткары чөбү бар дегендей. Кулундары да энесинен кем жебейт. Бир күндө 10 литр кымыз сатсам, 1000 сомдойу жемине чыгып кетсе, калганы эмгек акы катары калып жатат. Ушуга да миң ирет шүгүр. Башкысы берекесин берсин», - деди ал.
Бээлерин байып кеткиче кармайт, андан соң алмаштырат. Бээнин эмчеги менен кыялына карап сатып алат.
«Биринчи 17 кулун тууган бээни кармадым. 11 ай байыбады, сүттүү болду. «Картаң бээ сүттү болот» деген чын экен. Эч ким карабаган, бээ байланганда жем жегенге өзүнө келип кайра 104 миң сомго сатып жибердим. Короодо 7-8 кулундуу болгон чаарала бээм турат. Кыялы, сүт берүүсү жакшы. Быйыл үйүргө кошуп жиберейин деп жатам. Бээлерди байыган сайын алмаштырып турам. Анан кулундарын кармабайм. Кысыр кылып эле саай берем. Апрель, май айларында кулундуу болгон бээлер кымбат сатылат. Агуст, сентябрларда тууп калган бээлердин кардарлары аз болот. Анан энчи кылганы эле албаса, бээ сааганга алышпайт. Өтө чоң бээ албайм, кармаган жерим өтө чон эмес.
«Чыйпылдак», «шаулдаган» деп коюшат, эмчеги таза, кыялы жоош болуш керек. Кыялы жаман болсо адамдын бир жерин сындыра тебиши мүмкүн. Жылкыны теппейт деп болбойт. Баарыбир этияттык керек», - деди ал.
Кымызды жасоодо чанач эмес, кадимки фляганы колдонот. Жакшы ачытылган кымыздын даамын жоготпой 3-4 айга чейин сактаса болот. Жүгөрүнүн мардеги менен ыштайт.
«Ак чечектин чириндиси менен жасап көрдүм, аны табуу үчүн убаракерчилик тартат экенсиң. Жүгөрүнүн мардеги да жакшы болот экен. Кымыз тамакты кырбайт. Ышты көп берсең даамын батыраак айнытып коет. Кымызды убагында бышырганды, ачытканды билсе ачыбайт. Мен өз нормаларын сактап, желим бөтөлкөлөргө куюп таштап кое берем, ачып атылып деле кетпейт. Желим идиштеги кымыздын газы чыгып кеткендерин мен эч түшүнө албай койдум», - деди ал.
Базарали аксакалдын жасаган кымызын жакындан билгендер жакшылыктарга буйрутма беришет. Айрымдар Россияга туугандарына салып турушат. Жакында бир кардары 100 литрге буйрутма берген. 1 аптага чейин анын буйрутмасын жасоонун үстүндө иштеп жатат. Ага жакында баш кошкон жубайы да жардамга келе баштаган.