Turmush — Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тосор айылынын тургуну Асел Талайбек кызы 9 жылдан бери мугалим болуп иштейт. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде жумушу тууралуу айтып берди.
Асел Талайбек кызы 1990-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Отуз-Уул айылында төрөлгөн. Ал Тосор айылына келин болгон. Учурда аталган айылда жашайт.
«Жогорку билимди Ысык-Көл мамлекеттик университетинин филология факультетинен алгам. Азыр ошол эле окуу жайдын педагогика факультетинин магистратурасын аяктап жатам. Кесибим — мугалим.
Башында ата-энемди кыйнабай бюджетке өткөнүмө сүйүнүп, мугалимдик кесипти тандагам. Бирок убакыт өткөн сайын балдар менен иштешүү мага абдан жагарын түшүндүм. Азыр бул кесипти тандаганыма кубанам. Эмгек тажрыйбам — 9 жыл. Сабактарымда азыркы альфа муунга ылайык келген Сингапур методдорун колдонуп, 5Е модели менен сабак өтөм.
Окуучуларымды абдан жакшы көрөм. Аларга мээрим менен мамиле кылып, эркелетип окутам. Бир жолу окуучум "ичим ооруп жатат" деп, астыма отургум келип жатканын айтып, бир сабактын жарымына чейин жанымдан кетпей отурган кызыктуу учур болгон», - деди ал.
Каарманыбыз 2024-жылы райондук деңгээлде «Жыл мугалими» наамын алган.
«Автордук программам бар. Мындан тышкары, 12 жылдык билим берүүнүн артыкчылыктары тууралуу блог жүргүзүп, мугалимдерге жардам берип келем.
Бош убактымда кыргыз айымдарына тиешелүү кол өнөрчүлүк, узчулук менен көп жылдан бери алектенем. Кол өнөрчүлүктү кыз кезимде таптакыр билчү эмесмин. Келин болуп келгени кайненем үйрөтүп, ошондон кызыгуум артты. Курактардын түрүн курайм, көбүнчө колдонуудан чыгып калган буюмдардан жаңысын жасаганды жакшы көрөм. Гүлдөрдүн ар кандай түрлөрүн өстүргөндү жакшы көрөм.
Учурда 3 баланын энесимин, төртүнчү наристебизди күтүп жатабыз. Алдыдагы максатым — республикалык деңгээлде мыкты агартуучу болуу», - деди ал.
-
5Е модели — бул окуучулардын активдүүлүгүнө жана изилдөөсүнө негизделген окутуунун заманбап методикасы. Бул модель англис тилиндеги «Е» тамгасынан башталган 5 этаптан турат. Engage (кызыктыруу, мотивация), еxplore (изилдөө), еxplain (түшүндүрүү), еlaborate (тереңдетүү, бышыктоо), еvaluate (баалоо.
-
Сингапур методу (же Сингапур методикасы) — бул окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн, коммуникациясын жана командада иштөө жөндөмүн өнүктүрүүгө багытталган билим берүү системасы.