Turmush — Бүгүн, 21-мартта Чүй облусунун Чүй районундагы Бурана комплексинде сүмөлөк фестивалы өтүп жатат.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, иш-чарага келгендердин көптүгүнөн тыгын жаралды.
Сүмөлөк жасоо боюнча сынакка 11 команда катышат. Ошондой эле кой союу боюнча да мелдеш өтөт.