Turmush — Айжан Карыбекова Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт стационарынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул маалыматты Turmush басылмасына өзү тастыктады.
Буга чейин аталган кызматты Жеңишбек Тургунбаев ээлеп келген. Ал өз арызы менен кызматтан кетти.
Ж.Тургунбаев бул кызматка 2024-жылдын 15-апрелинде дайындалган болчу.
Карыбекова Айжан Мырзабековна 1985-жылы 23-февралда Кара-Суу районунун Жаңы-Турмуш айылында туулган.
Билими:
- 2003–2009-жылдары — Ош мамлекеттик университети, медицина факультети;
- 2009–2011-жылдары — клиникалык ординатура, акушер-гинеколог адистиги боюнча .
Кесиби: акушер-гинеколог дарыгер
Эмгек жолу:
- 2013-жылы — Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт стационары, кабыл алуу бөлүмүнүн акушер-гинеколог дарыгери;
- 2014-жылы — Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт стационары, төрөт бөлүмүнүн акушер-гинеколог дарыгери;
- 2021–2022-жылдары — Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт стационары, кош бойлуулар патологиясы бөлүмүнүн башчысы;
- 2023-жылы — Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт стационары, эне жана бала бөлүмүнүн башчысы;
- 2025-жылы — Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт стационарынын башчысынын орун басары.
Сыйлыктары:
- «КР Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери» төш белгиси (2018-жыл);
- Ош шаардык кеңешинин ардак грамотасы (2025-жыл);
- КААН ардак грамотасы (2021-жыл);
- Ош облустук саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин ардак грамотасы (2019-жыл);
- КР Жогорку Кеңешинин «Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» төш белгиси (2025-жыл);
- КР Аялдар конгрессинин төш белгиси (2025-жыл).
Үй-бүлөлүү, 4 баланын энеси.