Turmush — Бүгүн, 25-мартта Ош шаарында рекультивацияланган көрүстөндүн 8 гектардай аймагына 1300 түп көчөт отургузулду. Сөз «Хохлово» көрүстөнү тууралуу болуп жатат.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаарынын мэри Жанар Акаев бул аймакка мурда пландалгандай көп кабаттуу үйлөр курулбай турганын айтты. Анын айтымында, мурдагы мэр Жеңишбек Токторбаевдин тушунда аталган жерге 17 көп кабаттуу үй куруу боюнча жеке ишкер тендерден уткан. Ал чечимдер жокко чыгарылды.
«Мүрзө болгон жерге көп кабаттуу үйлөрдү куруп, бизнес жасаганга мыйзам жол бербейт. Биз мыйзамда кандай каралса, ошондой кылдык. Жашыл бакка айландырбасак болбойт. 8 гектарын жашылдандыруу үчүн чечкиндүү кадамдарга барып жатабыз», - деди ал.
Мэрдин бул билдирүүсү социалдык тармактарда ар кандай пикирлерди жаратты. Айрым колдонуучулар мурдагы мэр көрүстөндөрдү турак жай куруу үчүн бошотконбу деген суроо коюшса, айрымдар мамлекеттик ипотекалык үйлөрдү куруу мүмкүнчүлүгүн колдогон пикирлерин билдиришкен.
Бул боюнча мурдагы мэр Жеңишбек Токторбаев өз позициясын билдирип, «Хохлово» көрүстөнүнүн ордун пайдалануу боюнча башкача пландар болгонун айтты.
«Туура, эски көрүстөндөр рекультивацияланып, тазаланып алынгандан кийин МИК үй курат дегенбиз. Бирок Саламаттык сактоо министрлиги уруксат бербей, ал токтогон. Кийин биз ал жерге бак-дарактарды отургузуп, жашыл аймак кылууну пландаганбыз. Бак-дарактар чоңойгондон кийин отургучтарды коюп, эл эс ала турган аймакка айландырабыз дегенбиз. Эч кайсы курулуш компания же башка ишкерлер менен көп кабаттуу үйлөрдү куруу боюнча жокко чыга турган келишим болгон эмес», - деди ал.
2025-жылдын 22-июлунда Жеңишбек Токторбаев Ош шаарынын мэри болуп турган учурда «Хохлово» көрүстөнүнүн ордуна көп кабаттуу үйлөрдү куруу мүмкүнчүлүгү каралып жатканын билдирген болчу.
«Бул жер — “Хохлово” көрүстөнү. Аянты 4 гектар 10 сотых. Бул 40 жылдан бери колдонулбай келген көрүстөндү бошотуп, рекультивация кылдык. Азыркы ушул жердин базар баасы — 20 млн доллар. Бизде “көрүстөн болгон жерден үй албайбыз” деген түшүнүк бар. Бирок 50-100 жылдан кийин баары унутулат. Жашап жаткан жерибиз мурда көрүстөн болушу мүмкүн, аны эч ким билбейт. Ошондуктан пайдаланылбай жаткан жерлерди кайра рекультивация кылып, пайдаланышыбыз керек. 210 гектар жер жатат», - деп билдирген ал.
Ошол эле учурда Ош шаарынын казысы Мирлан ажы Токтомушев мындай маселелерде шарияттын да өзүнүн талаптары бар экенин белгилеген.
«Мазар белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин, мисалы, 25 же 40 жыл өтүп жабылса, ал вакуф катары пайдаланылышы керек. Вакуф — бул мечит, медресе сыяктуу элдин пайдасына кызмат кыла турган жайларды куруу жана аларды иштетүү үчүн колдонулуучу мүлк болуш керек», - деген ал.
Ош шаарында жалпысынан 49 көрүстөн бар. Анын ичинен 14ү жабылып, 35и учурда пайдаланылып келет.
Буга чейин шаар четинде жаңы көрүстөн ачылган. Анын жалпы аянты 13 гектар 60 сотыхты түзөт. Бул жаңы көрүстөн шаар ичиндеги эски көрүстөндөрдү жабууга жана көчүрүүгө өбөлгө түзөт.
2025-жылдын 24-мартында Ош шаарында эски көрүстөндү рекультивациялоо иштери башталган.
Ош райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Эсен Абышов Turmush басылмасына берген комментарийинде мындай иштер бардык жерде болуп келгенин айткан.
«Шаардагы мөөнөтү бүткөн көрүстөндөрдү рекультивация жана кайрадан пайдалануу иштери жүргүзүлүп жатат. Бул көрүстөн 1952-жылы жабылган экен, ошодон бери 70 жыл өтүптүр. Биздин мыйзам боюнча 30 жылдан кийин рекультивация, кайра пайдаланууга уруксат берилген. Мындай иштер бардык эле жерде колдонулуп келет. Шаар ичинде каралбай калган канчалаган көрүстөндөр бар. Кайра колдонууга берилсе, эл үчүн эле кайра кызмат кылат. Жашылдандырылып, музей, мечит салып иштетсе болот. Биз алгач дератизация [жугуштуу оору , ылаң пайда кылуучу же таратуучу, ошондой эле экономикалык жактан зыян келтирүүчү кемирүүчүлөрдү (келемиш, чычкан) жок кылуу чаралары] иштерин жүргүздүк. Андан кийин дезинфекция кылып баштайбыз. Көрүстөндү казып баштап, жугуштуу оорулар бар же жок экенин аныктап, анализдерин алып, иш алып барабыз», - деген Абышов.
Ал эми Ош шаарынын жетекчилиги шаардын ичинде бир дагы көрүстөн болбой турганын билдирген.
«Шаарда 50 көрүстөн бар экен. Алардын 15и жабылган, 35и иштейт. 15 көрүстөндүн 50 жылдан 70 жылга чейин убакыты өтүп кетиптир. Калган 10 көрүстөн 25-30 жылга чейин убакыт болуптур. Шарият жол берет, 25-30 жылдан ашкан көрүстөндөрдү рекультивация кылып көчүрсө болот экен. Алардын ордуна социалдык объектилер курулат. Мисалы, мектеп, бала бакча, медресе, мечит, эс алуу жайы кылса болот. Шаардын сырт жагында 15 га жер бөлүнүп берилгенин айтышты, ал жерге бара элекмин. Дагы 15 га жер бар экен. Жалпысынан 30 га жерди шаардык көрүстөн кылып, мейиттерди сыртка алып чыгып көмөбүз. Шаар ичинде эч кандай көрүстөн болбойт», - деген мэр.
Эски көрүстөн Ош шаарынын борбордук бөлүгүндө — Масалиев проспектиси менен Шакиров көчөсүнүн ортосунда жайгашкан.