Turmush — Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Мунарбек Сайпидиновдун иши боюнча сот отуруму жылдырылды. Бул тууралуу Turmush басылмасына Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, күбөлөр соттук отурумга келбегендиктен отурум 2026-жылдын 1-апрелине жылдырылды.
Буга чейин отурум 18-мартка жылдырылган болчу.
Иштин материалдарын Кара-Суу райондук соту карап жатат.
Ош облустук сотунун маалыматы боюнча, М.Сайпидиновго Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 2-бөлүмү (кылмыш жасоону уюштурган же кылмыштын аткарылышына жетекчилик кылган адам, ага тете уюшкан топту же кылмыштуу коомдоштукту түзгөн, же болбосо аны жетектеген адам уюштуруучу деп таанылат), 336-беренесинин 2-бөлүмү (коррупция), 261-беренесинин 2-бөлүмү (уюшкан топко катышуу) менен кылмыш иши козголгон.
---------------------------------------------------------
2025-жылдын 6-августунда Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Мунарбек Сайпидинов Россиянын Новосибирск шаарында кармалганын социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу айтып чыккан. Ал бул ишке Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси болушу мүмкүн экенин айткан.
Кийинчерээк Ички иштер министрлиги Кара-Суудагы мамлекеттин карамагындагы жер тилкелерди, объекттерди саткан жаран Россия Федерациясынын аймагынан кармалганын билдирген.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, шектүү М.С. 2014-жылдан бери Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн жана Жер ресурстар мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу райондук филиалынын кызматкерлери жана жеке тараптар менен кылмыштуу пландарын негиздешкен.
«Мамлекетке тиешелүү болгон жер тилкелерди жана социалдык мекемелерди мамлекеттин менчигинен мыйзамсыз чыгарышып, мамлекетке ири өлчөмдөгү зыян келтиришкен», - деп айтылган расмий маалыматта.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголгон. Буга чейин шектүүгө айыбы сырттан угузулуп, камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.
Министрлик шектүү М.С. Россия Федерациясынын аймагынан кармалганын, 7-августта Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келгенин билдирген.
ИИМ шектүү мурда сот жообуна тартылган жана башка кылмыш иштерди жасаганы үчүн шектелип жатканын билдирген. Бирок расмий маалыматта кайсы иш экени айтылган эмес.
Turmush басылмасы Мунарбек Сайпидинов жөнүндөгү айрым фактыларды топтогон.
- Мунарбек Сайпидинов 1988-жылы туулган.
- Раимбек Матраимовдун өкүл баласы экенин өзү тастыктаган.
- 2016-жылдын март айында Савай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган. Ал кезде (аймактык-административдик реформага чейин) Савай айыл өкмөтүнүн курамындагы 9 айылда 32 миң адам жашачу.
- Айыл өкмөт башчысы болгонго чейин айылдык кеңештин депутаты болгон.
«Савай айыл өкмөтүнүн башчысы болгонго чейин Кара-Суу районунун акиминин фермердик чарбасынын жетекчиси болуп иштеп, андан кийин Савай айылдык кеңешинин депутаты болдум. 2016-жылдын март айында Савай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайландым. Үй-бүлөдө 5 бир тууганбыз, 2 кыз жана 3 уул. Мен бир туугандарымдын арасында төртүнчүсүмүн. Өзүмдүн дагы үй-бүлөм бар. Жубайым экөөбүз 2 кызды тарбиялап жатабыз. Жумуштан бошоп калганда спорт менен алектенем. Анан калса көк бөрүгө абдан кызыгам. Кышкысын көбүнчө улак тартышка катышмай жайым бар», - деген Сайпидинов 2018-жылы Turmush басылмасына берген маегинде.
2017-жылы 23-январда Кара-Суу районунун Сарай жана Савай айыл өкмөттөрүндө шайлоо белгиленген. Савай айыл өкмөтүнүн ошол кездеги башчысы Мунарбек Сайпидинов 28 добуш менен өз ордун сактап калган.
- Сайпидинов ЖМКлардын көңүлүн алгач 2018-жылы бурдурган. Анын айыл өкмөттөгү кызматтык кабинетинде Бажы кызматынын жетекчисинин ошол кездеги орун басары Раимбек Матраимовдун сүрөтү илинип тургандыгы социалдык тармакта талкуу жараткан.
Бириккен Араб Эмираттарындагы эс алуу:
2020-жылы январь айында социалдык тармактарга Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновдун Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) эс алуу учурунда тартылган видеосу жана сүрөттөрү тараган. Айыл өкмөт башчы аймактык кабарчыга Дубай шаарында эмгек өргүүсү учурунда эс алганын билдирген.
Россиялык Динат Гумеров өзүн миллионер, блогер, мотиватор катары тааныштырат. Анын инстаграмдагы баракчасына 1,2 млн колдонуучу катталган. Видеодо М.Сайпидинов аны менен кошо жүргөнүн жана «RM сила» деп айтып жатканын көрүүгө болот.
Бирок Мунарбек Сайпидинов 8-январдан тартып эмгек өргүүгө чыкканын, дем алыш күндөрү кайда, кайсы өлкөгө барып эс ала турганы анын жеке иши экенин айткан.
«Учурда мен расмий түрдө эмгек өргүүдөмүн. Бул боюнча тиешелүү жетекчиликтин чечими бар. Эмгек өргүүгө чыга турганым боюнча арызды өткөн жылдын аягында жазгам. Досторум эс алууга Дубайга чакырды. Видеодогу мен айдап жүргөн унаа да аларга таандык. Бириккен Араб Эмираттарында досторум менен эс алуудан эч кандай кынтык көргөн жокмун. Азыр көпчүлүк кыргызстандыктар үй-бүлөсү, достору менен чет өлкөгө эс алганы барышат. Ошондой эле менин эс алуумдан эмне үчүн мындай кынтыктарды издеп жатышканын түшүнбөй турам. Биздин өлкөдө эмгек өргүүнү кайда, кантип өткөрүү ар бир жарандын өз эрки. Кимдир бирөө тоого ат мингени барат, а кимдир бирөө тоого жылгаяк тебүүгө чыгышы мүмкүн», - деген Сайпидинов.
Аламан улактын калыстар тобу көзөмөлдөгөн Сайпидинов
2020-жылы 27-январда Кара-Суу районунун Савай айылындагы жеке ишкер 3 уулунун сүннөт тоюн өткөрүп, аламан улак тартыш уюштурган. Бир нече ай мурун эле баш байгеге 20 тай, 9 төө, 5 унаа, Бишкек шаарынан 1 бөлмөлүү батир коюлары айтылган. Ал эми калыстар тобун көзөмөлдөгөн Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов баш байгеге 30 тай, 10 төө, 6 унаа жана батир коюлганын айтып берген.
Аламан улак тартышты көрүүгө келген адамдардын саны 5 миңге жеткен. Ага Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын улакчылары катышкан.
Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышуу:
2020-жылы күзүндө болгон парламенттик шайлоого Савай айыл өкмөтүнүн ошол кездеги башчысы Мунарбек Сайпидинов (ыйгарым укуктарын убактылуу токтоткон) ат салышкан. Ал «Мекеним Кыргызстан» партиясынын катарында экени белгилүү болгон.
2020-жылдагы Октябрь окуясында:
2020-жылы бийлик алмашкан Октябрь окуясында Кара-Суу районунун эл тарабынан дайындалган акими Руслан Маматов Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов Өзбекстанга качып кеткенин, анын ордуна орун басары убактылуу ишти жүргүзүп жатканын билдирген.
Бирок 14-октябрда Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов кызматына кайтып келген. Ал өзү ооруп калып, жумушка убактылуу чыкпай калганын айтып берген.
Сайпидиновдун үйүн тинтүү:
2020-жылы 18-ноябрда УКМК Сарай жана Савай айыл өкмөтүндө УКМК тарабынан финансылык иликтөө жүргүзүлүп жатканы айтылган. УКМК болсо Савай жана Сарай айыл өкмөт башчыларынын үйүндө жана иш бөлмөлөрүндө сот тарабынан уруксат берилген тинтүү иштери жүргүзүлүп, Савай айыл өкмөтүнүн башчысынын иш бөлмөсү кулпуланганын билдирген.
Сайпидиновдун УКМКнын кызматкерлеринин үстүнөн даттануусу:
Бул тинтүүдөн кийин Мунарбек Сайпидинов УКМКнын кызматкерлери туугандарына жана Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Турганбаевдин апасына орой мамиле жасаганын айтып чыккан. Сайпидинов видео кайрылуу жасап, УКМКнын кызматкерлерине нааразычылык билдирип, Замир аттуу адам УКМКнын төрагасы менен жеке тааныш экенин айтып, коркутканын белгилеген.
Ал эми УКМКнын басма сөз кызматы Сайпидиновдун айткандары чындыкка дал келбей турганын билдирген.
Камчыбек Ташиевдин кабыл алуусу:
Андан кийин 23-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновду кабыл алганы белгилүү болгон.
«Жолугушуу учурунда УКМКнын башчысы М.Сайпидиновду угуп, тийиштүү бөлүмдөргө анын видео кайрылуусундагы маалыматтарды объективдүү териштирүү тапшырмасын берди. Ошондой эле Ташиев УКМК саясаттан тышкары экенин, куугунтуктоо менен алектенбей турганын кошумчалады», - деп айтылган маалыматта.
2020-жылы декабрь айында Сайпидиновду айрым адамдар сындап чыгышкан. Алар Алар Сайпидиновдун үйүндө, ишканасында тинтүү болгондон кийин ал айылдык кеңештин депутаттарын күнөөлөп, элдин ортосуна бүлөк салганын айтышкан.
Мунарбек Сайпидиновдун кармалышы:
2021-жылы 11-январда Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов кармалганы кабарланган. Ал УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына чакыртылып, 48 саатка камакка алынганы белгилүү болгон. УКМК ал Жазык кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча шектелип жатканын, Савай айылындагы мектептин спорт залын курууда аткарылган иштердин көлөмү 1 млн сомго көп экени аныкталганын билдирген.
1 миллион сом зыянды төлөп, үй камагына чыгышы:
М.Сайпидиновдун жактоочусу Динара Турдумаматова 13-январда ал Ош шаардык соту тарабына 2 айга үй камагына чыгарылганын тастыктаган.
Ал эми Ош облустук сотунун басма сөз кызматы айыпталуучу келтирилген 1 млн 33 миң 700 сомдук материалдык зыян толугу менен төлөп бергенин билдирген.
Кызматтан бошотулушу:
2021-жылы 23-январда Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов кызматтарынан убактылуу бошотулганы айтылган. Буга анын соттук иши негиз болгон.
Соттук иштин токтотулушу:
Андан кийин 2021-жылы август айында Савай айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы Мунарбек Сайпидиновдун иши Ош шаардык сотунун токтому менен өндүрүштөн токтотулганы белгилүү болгон. Ош шаардык соту мындай чечимди 21-июнда кабыл алган.