Turmush — Ат-Башы районунда мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасында жеңишке жетишкен окуучуларды салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты.
Маалыматка караганда, аларды аким Мухтар Шербаев баш болгон жетекчилер тосуп алышты.Республикалык предметтик олимпиаданын IV этабынын жеңүүчүлөрү жана катышуучуларына акимчилик жана райондук билим берүү бөлүмүнүн атынан дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
К.Кожоев атындагы балдарга билим берүү борборунун «Маржан» бий ийриминин окуучулары жана С.Андабеков атындагы маданият үйүнүн «Жанар» тобунун бийчиси Жанара Мирбекова эл аралык сынактарда 1-орунду багындырган үчүн ардак грамоталар жана белектер менен сыйланышты.
Катышуучуларга С.Андабеков атындагы маданият үйүнүн кызматкерлери менен бирге мектептердин жана К.Кожоев атындагы балдарга билим берүү борборунун окуучулары концерттик программа тартуулашты.
- Бишкекте өткөн мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасынын республиканын турунда Нарын облусунан катышкан 27 окуучунун ичинен бешөө байгелүү орунга ээ болду.
- Бишкек шаарында 30-мартта 2025-2026-окуу жылындагы мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын жеңүүчүлөрү тизмеси.