Turmush — Нарын шаарында 3 наристелерин чоңойтуп жаткан жаш жубайлар кайрылуусуна дагы эле жооп ала элек. Бул тууралуу 3 эмдин апасы Алтынай Майрамбекова билдирди.
Анын айтымында, күйөөсү экөө буга чейин президентке кайрылуу жасап, Камчыбек Таштев аларга 3 бөлмөлүү үйдүн сертификатын берген. Бирок азыркы күнгө чейин токтом чыгарылбай келет. Андан бери бул кайрылуу боюнча эч ким жооп берген эмес.
«Биринчи эле Нарын облустук мамлекеттик администрацияга кайрылып, арыз жазганбыз. Андан бери 2 айдан ашты, февралдын башында жазганбыз. Эч кимден жооп болгон жок. Азыр батирдебиз», - деди ал.
Нарын облустук мамлекеттик администрациядан жубайлардын арызы президенттик аппаратка жөнөтүлгөнүн, чечимди негизи Мамлекеттик ипотекалык компания кабыл аларын билдиришти.
- Turmush 2024-жылдын 25-октябрында Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүндө 3 эм кыз төрөлгөнүн жазган.
- Андан кийин УКМК ошол кездеги төрагасы 4-ноябрда Камчыбек Ташиев Нарынга болгон иш сапарынын алкагында 3 эмдин ата-энеси Эрбол Карагулов менен Алтынай Майрамбековага өлкө башчысы Садыр Жапаровдун атынан 500 миң сом акчалай белек жана Нарын шаарынан 3 бөлмөлүү жаңы батирдин сертификатын тапшырган. 3 эмге Ажар, Саадат, Анара деген ысымдар ыйгарылган.