Turmush — Талас районунун борборундагы №6 кесиптик лицейдин жыйындар залында “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү” долбоорунун алкагында 82 үй-бүлөгө 150 миң сом өлчөмүндө сертификаттарды тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, сертификаттарды тапшыруу аземине райондун акими Байыш Астанакулов катышып, социалдык контракт түзгөн үй-бүлөлөргө ийгилик каалады. Ал бул программа чакан ишкерликти баштоого жана туруктуу киреше булагын түзүүгө чоң мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.
Буга чейин район аймагында бул колдоону алгандардын 80 пайызы өз ишкерлигин ийгиликтүү жолго коюп кетишкен.