Turmush — Ысык-Көл облустук соту алдамчылык боюнча айыпталган адамдын ишин карап чыкты. Turmush басылмасы кылмыштын чоо-жайын баяндайт.
Айыпталуучу Кашаңбай (аты өзгөртүлдү М.К.К.) 1982-жылы Ысык-Көл районунда туулган. 1 баланын атасы. Убактылуу иштебейт.
- Иштин материалдары Мамлекеттик сот актыларынын реестрине жарыяланды.
Тергөөнүн маалыматына караганда, Кашаңбай жеңил акча табууну көздөп, 2022-жылдын декабрь айында Ысык-Көл районуна караштуу айылдардын бирине барган. Айылдын 1976-жылы туулган тургуну Жамалбү (аты өзгөртүлдү Т.Ж.Ш.) менен анын күйөөсү Тилектин (аты өзгөртүлдү А.Т.А.) үйүндө жашап жүрүп, ишеничине кирип, алардын баласы Мелисти (аты өзгөртүлдү) кен иштеткен ишканага жумушка киргизем деп алдап, 125 миң сом акчасын алган.
Кашаңбай муну менен эле чектелбестен аталган жубайларды «туугандарыңды ишканага жумушка киргизип берем» деп алдап, алар аркылуу ошол айылдын 1994-жылы туулган тургуну Дарыбайдан (аты өзгөртүлдү И.Д.Ж.) 125 миң сом акча алган.
Андан кийин ошол эле айылдын 1987-жылы туулган Айжанды (аты өзгөртүлдү Т.А.К.) алдап, анын күйөөсү Улукту да (аты өзгөртүлдү) «ишке киргизем» деп, 76 миң сом акчасын алган. 3 үй-бүлөдөн акчаларды болсо өзүнүн кызыкчылыгына коротуп, изин жашырып кеткен.
Кашаңбай мындан тышкары ажырашып кеткен аялына баласы үчүн алимент төлөбөй, ушул күнгө чейин жалпысынан 205 миң 116 сом карыз экени такталган.
Райондук соттун өкүмү:
Кашаңбай Ысык-Көл райондук сотунун 2025-жылдын 12-декабрындагы өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренесинин 1-бөлүгү (ата-эненин балдарды багуудан качуусу) менен күнөөлүү деп табылып, 25 миң сом айып салуу жазасы белгиленген. Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (олуттуу өлчөмдөгү алдамчылык) менен каралган 3 иш боюнча 2 жылдан жаза мөөнөт белгиленген. Мыйзамга ылайык жазалары жарым-жартылай кошулуп, биротоло 5 жылга эркиндигинен ажыратылган. Жаза өтөө мөөнөтү 2025-жылдын 17-июнунан баштап эсептелинген. Жабырлануучуларга келтирилген чыгымдарды төлөп берүү көрсөтүлгөн.
Бирок бул өкүмгө Кашаңбайдын жактоочусу макул болбой, облустук сотко апелляциялык даттануу келтирип, айыпталуучу мурда соттолгон эместигин, күнөөсүн мойнуна алганын, карамагында жашы жете элек баласы бардыгын, кылган ишине өкүнөрүн көрсөтүп, райондук соттун өкүмүн өзгөртүп, аны кылмыш жазадан бошотуп, 1 жыл пробация колдонуп берүүнү суранган.
Кашаңбай өзү дагы апелляциялык даттануу келтирип, кылган ишине өкүнүп жатканын, ишти мыйзам чегинде туура карап, үй камагына чыгарып берүүнү суранган.
Облустук соттун өкүмү:
Ысык-Көл облустук соту 2026-жылдын 10-мартында иштин материалдарын карап чыгып, Ысык-Көл райондук сотунун 2025-жылдын 12-декабрындагы Кашаңбай жөнүндөгү өкүмүн өзгөрттү. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 77-беренесинин (кылмыштардын жыйындысы боюнча жаза дайындоо ) негизинде жазаларды жарым-жартылай кошуу жолу менен биротоло 5 жылга эркиндигинен ажыратылып, 25 миң сом айып жазасы белгиленди. Айыпталуучудан ажырашып кеткен жубайына алимент катары 205 миң 116 сом материалдык зыян өндүрүлөт. Өкүмдүн калган бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылсын. Апелляциялык даттануулар канааттандыруусуз калтырылды. Ага нааразы тарап Жогорку сотко кассациялык тартипте даттанууга укуктуу.