Кара-Кечеде көмүр даяр, бирок казууга каражат жок, - Көмүр өндүрүүчүлөр (фото, видео)
Нарын облусунун Жумгал районундагы Кара-Кече аймагында көмүр казуучулар көмүр даяр экендигин, бирок каражаттын жана күйүүчү майдын жоктугунан улам көмүр казылбай жаткандыгын айтышып, бүгүн, 20-январь күнү Жумгал районундагы малымат борборунда атайын жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу «Баракелденин» аймактык кабарчысы билдирди.